[00:00.000] 作词 : Сапарбеков Бакытбек [00:01.000] 作曲 : Сапарбеков Бакытбек [00:04.493]Эртең менен ойгонуп мен күндө күн көрөмүн. [00:06.962]Айырмасыз күн ачык же бүркөлгөнбү. [00:09.813]Аба-ырайга карабай ачык маанай, [00:12.645]Кичинекей кубанычтай сени күлдүрбөгөнбү?! [00:15.497]А мени күлдүргөн, достор менен терип жатканда кычкыл даамдуу бүлдүркөндү. [00:20.665]Ата энебиз берген отуз сомго жыргап жайнап жүрчү элек эсимде майрам күнү дүкөндө. [00:26.312]Эми, элестетсең сени, [00:28.896]Олтур кеттик деп айткансып досуң бирдемени, [00:31.496]Майды куйуп жолдон сөзгө салды аңгемени, [00:34.250]Атбашыны көздөй айдаганы эмнеге экенин. [00:37.414]Баштаарын баштап бүтпөй калды анын сөзү, [00:40.249]Жеткенде айтам дейт, же сен өзүң көрөсүң, [00:42.526]Мейли! Кудайым жол берсин деп! [00:45.163]Тулпар кетти алыска жеткизбей көлөкөсүн. [00:48.150]Канттан өтүп Токмок менен саламдашып, [00:50.585]Поезд менен жарашып, биз андан, ал бизден, биз андан кайра ашып, [00:54.842]Өйдөлөп Чүйдөн чыгып көз алдымда көрүнөт Орто-Токойдун башы! [00:59.181]Мммммммына Мына Баратам, [01:02.221]Айылыма Бишкек Шаарынан! [01:05.108]Күтүп жаткан Атам, Апам. [01:07.913]Мен да силерди сагынам! [01:33.021]Кубакыдан токтоп бираз тамактанып, [01:35.768]Жол кыскарып, тамашалап жатканыбыздан. [01:38.682]Анан Кочкор жолунда билинбей уктап калып, [01:41.005]Ойгонуп сурай калсам аз калды дейт Нарынга! [01:43.893]Тоолордон кийин тоолорду аралап, [01:46.598]“Долон” деген дөө ийининде араба баратат. [01:50.164]Жолдо жайнайт ышкын, карагат. [01:52.445]Сатып ал же барып бекер терип даамын тат. [01:54.924]Куруттун түрүн айтпа, тилиң сынат андан көрө, [01:57.595]Кымызга жете элек экенбиз “Алчы төрт жүгөрү, [02:00.357]Жетеби?, Жетеееет! Биринчи түгөнөбү?!”, [02:02.801]Дедим бир чака карагат, ышкынды артта көрүп. [02:05.760]Кымызга жетип, ичип көрүп салыштырып, [02:08.401]Эң эле бышканын тандап алып кеттик! [02:11.306]Ушинтип дүйшөмбү күнүн биз дем алыш кылып, [02:14.102]Аман эсен биздин айылыбызга жеттик! [02:16.954]Мммммммына Мына Баратам, [02:20.076]Айылыма Бишкек Шаарынан! [02:23.182]Күтүп жаткан Атам, Апам. [02:26.013]Мен да силерди сагынам!