|
作词 : Сапарбеков Бакытбек |
|
作曲 : Азамат Закиров |
|
Олтурамын көлдүн жээгинде, |
|
Шамал үйлөп кулагыма шыбырайт. |
|
Жеримдин кереметине |
|
Көз салып коюп тур деп акырын айтты мага, |
|
Мен аркылуу мени уккан угармандын баарына, |
|
Жашоого бир келген сенин жаныңа |
|
Жаңыдан көлдүн ыры жазылган. |
|
Үйүң жок болсо, үйүң бар унутпа! |
|
Издебегиң ал бутуңдун алдында. |
|
Үйдө талап жок кандай улутка, |
|
Сабыр менен орун берип унчукпа. |
|
Бүтүп калды баяным менин, |
|
Эшигиңди ачып кирип келди. |
|
Илгери илгери, өткөн күнүмдө, |
|
Кайсыл жерде жүргөнмүн мен? Ыссык Көлүмдө! |
|
Дос балдарым менен эс алууга келип алып, |
|
Убакыт кечки маал де, кыздары сулууланып. |
|
Бир досум нааразы суу кирген үчүн сол кулагына, |
|
Алакан менен жабат улам улам. |
|
“Аз калды чыда мына! Же мейли, мейли сооп болот! |
|
Сенин жаман кылыктарың болсо сурак үчүн жооп болот да.” |
|
Туурабы же туура эмесби? Аны сиздер чечесизби?! |
|
Менимче азырынча жок, жок андай кез. |
|
Чечкен киши улуу баарынан дейт, |
|
Жок жок чоң атаңдай эмес! |
|
Кирбейт сыйкырчылардын катарына, |
|
Бир да жерден эч качан көрбөйсүң |
|
Ошондуктан шамалдай сез. |
|
Ал сенин ичиңде жашайт, |
|
Өткөрбөйүн деп өмүрүңдү пайдасыз! |
|
Күн кайнаган кезде ысык жайда, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Ызычуу кыйнаса кысып кайра, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Кечээ келип баргың келсе кайта, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Маанай менен акырындан жайдан, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Үчүнчү күн, |
|
Акыркы экинин дайыны жок экенин, |
|
Текке кеткенин мен эстей калып. |
|
Мына бүгүн |
|
Тез аракеттенип, саякатка берилип |
|
Кызыл өрүк жеп келем кубанып. |
|
Меймандуу адамдарга жолугамын, |
|
Ассалам Алейкум, Саламатсызбы? Жол уланып! |
|
Кээбирлер коноктоп, узатып мурункуларын, |
|
Куда тоскондон беш бетер ачылгансып кучагы. |
|
Жаман сөз болбосун деп, |
|
куттуу келген досум кеп |
|
Айтып ыраазычылыгыңды кааласан билдире кет да! |
|
Комуз черткенди билсең бип ирээт черт да! |
|
Төкмө төксөн төгүлүп калалычы деп баары. |
|
Же сиз бизге бүгүн азыр ушул жерден окуй турган эркин түрдөгү китеп барбы? |
|
Китебим бар көлдөгү кездер жөнүндө, |
|
Эстен өчпөс учурларды алып көңүлдөн. |
|
Жамгырдай төгүлгөн менин жылуу сөзүмдө, |
|
Жакындарымды сүрөттөп көркөм көрсөткөм! |
|
Көп кетирбей азыркы кезде катаны, |
|
Ыйманды ар дайым бекем байла жаныңа. |
|
Көргөнгө жана билгенге чуркап аттанып, |
|
Башталган жашооң жетсин маанилүү аягына! |
|
Күн кайнаган кезде ысык жайда, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Ызычуу кыйнаса кысып кайра, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Кечээ келип баргың келсе кайта, |
|
Көлдү көздөй айда! |
|
Маанай менен акырындан жайдан, |
|
Көлдү көздөй айда! |