|
作词 : Сапарбеков Бакытбек |
|
作曲 : Медер Кадыров |
|
Биринчиден саламдашып кетейин дегем, |
|
Адамдар менен эч нерсени эрчибеген. |
|
Туурабаган кимдир бирөөнүн артынан, |
|
Кайтпаган өз оюнан, максатка тартынган! |
|
Күндө кылып жүргөнү жарашып атына, |
|
Ысык салам сендейдин жалпы жааматына. |
|
Жакындан жакынга ар дайым сагынган, |
|
Өмүрдүн бөлүгүн алмашпай келип алтынга! |
|
Каерде болбосоң да, эмне кылбасаң да, |
|
Эски ырлардан угуп коюп анда санда. |
|
Чөнтөк толук болгон кезде каалаганды танда, |
|
Бата тилеп оомин кылып коюп жаратканга! |
|
Эрте кеч деп айтса болбойт го дейм таң атканда, |
|
Ал өзү каалагандай күн берет ааламга. |
|
Кудайга шүгүр ден соолук апам, атамда барда, |
|
Убакыт барга аларды барктаганга! |
|
Күн артынан күн өтөт, бир басып бир күчөтө |
|
Кек сактабай таарынычты чыгар жүрөктөн. |
|
Түн артынан түн өтөт, күн айланып дүйнөдө |
|
Кылымдар жылдай, жылдарың өтө мүнөттөй. |
|
Ким качан кетет? Бүгүн же болбосо эртең, |
|
Бүрсүкүнү, эмки жумада, бир айдан кийин. |
|
Канча акчаң жетет өмүрүң узарганга чейин? |
|
Аны менимче сен дагы, мен дагы билбеймин. |
|
Саналуу убакыттын канатында |
|
Бир келген өмүрдү сүрөмүн. |
|
Саналуу убакыттын канатында |
|
Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм! |
|
Негизи айтчы досум кейигенден эмне пайда, |
|
Өкүнгөндө, дем ала албай кайгырганда. |
|
Андан көрө мурдагыдай көлдү көздөй айда. |
|
Жок дегенде Ала арча калат бийик маанайда. |
|
Биздин дүйнөдө тагдыр билесиң ар кандай да, |
|
Бир жетектейсиң, бир көтөрүлгөнүң жайдан. |
|
Көптөгөн себептер бар мына ошонун айынан |
|
Доскелерим Россия, Америка, Дубайда! |
|
Айырмасы бираз ким эмнени кааласа, |
|
Канча кыймылдаса жыйынтык ошого жараша, |
|
Бирок кээде алдап коет тең көрүнгөн тараза, |
|
Утасың же жутасың сырттан өзүң карасаң! |
|
Адамды өзгөрөт деп жылдар өттү арадан, |
|
Баягылар баягы эле бойдон калган. |
|
Баягы бала көп окуп жүргөн жарамазан, |
|
Өзгөрөт эмес, өсөт экен дечи адамдар! |
|
Акыркы сезимдер менен жашагансып |
|
Элестетсең жыргал жашоо азыркы кезиңде! |
|
Ырларымды жеткизе таасир этсе сага, |
|
Жеңил болмок мага дагы туура ирээтинде! |
|
Жардамдашып мен кеп менен болсо деле, |
|
Сенин аракетиңе эгер жүрсөң эгинде. |
|
Эч качан эринбе мен сен менен досум бирге, |
|
Шаар же кыштактын ичинде түз эфирде! |
|
Саналуу убакыттын канатында |
|
Бир келген өмүрдү сүрөмүн. |
|
Саналуу убакыттын канатында |
|
Бир жыргайт, бир ыйлайт жүрөгүм! |