|
作词 : Сапарбеков Бакытбек |
|
作曲 : Сапарбеков Бакытбек |
|
Бүгүнкү күнүңдө, |
|
Кайрадан мен, тааныдыңбы үнүмдү? |
|
Маек болот азыр ар кандай нерселер жөнүндө. |
|
Айырмасы жок дос, жумушта үйдөсүңбү, |
|
Же жолдо жүргөн болсоң чаптырып күлүгүңдү. |
|
Өтө ылдам эмес, жай эрежени бузбай |
|
Баратканда достор чалат, “каерден чыга калайын?!” |
|
Жакындардын катарында буйуртса бакыт таалай. |
|
Ушундай эле дос балдарды мен силерге каалайм. |
|
Самат, Канат, Эрмек! Үч эркек |
|
Жүрөт эрмектеп, номер 2чи мектепти эстеп. |
|
Ар кандай кесипте айлыктарын эсептеп, |
|
Достурумдун 70 пайызы азыр Бишкекте. |
|
Кечээ бир ой келген, депутат болойун деген. |
|
Сизге болуп мага неге болбойт экен? |
|
Ой кенен. |
|
“Ооба, сиздики эң туура” - деп турган адам менен |
|
элиме жардам берем деп Кумтөрдү казам терең! |
|
Же болбосо жүрөгүм чыдабаса каргышка, |
|
Катышпайм ким биринчи байыйт деген жарышка. |
|
Кээбирлердей эмесмин суудай аккан акчага жабышкан, |
|
Андан көрө тынч картайып жүрөгү таза абышка болуп, бакытка толуп, |
|
Жаш кезде мас эмес деп соолуп, |
|
баары эң сонун, чыпчын ден соолук! |
|
Пайдасы менен өмүр сүрүп аксакалдай Ала Тоолук! |
|
Урушу жок дүйнөдө жашап кетүү жетет, мага болот! |
|
Же көптөгөн бүркүт көзмүн деген жигиттердей, |
|
Сүрөтчү болом, кыйраткан жумушту бийлик бербей. |
|
Укмуш кылам деп иштеп жатканда ийилип тердей, |
|
Сүрөттөн түшкөн акча жоголот экен бирдиктердей! |
|
Бирөө айтат айдоочу болсоң, аз басып көп толсоң! |
|
Жок! Күтө турсаң, биринчи жолдор оңолсун, |
|
Май арзаныраак болсун, андан соң |
|
Анан көрөбүз канчалык сен камсыздандырылгандардансың! |
|
Же мейли, мейли ойлонуп туруп бизнес ачамын, |
|
Бирок стартапка мен, каерден алам акчаны? |
|
Насыяны алам деген ой менен толтуруп баракчаны, |
|
Иш жүрбөсө өлдүм, күйдүм алып кетет ак халатчаны! |
|
Анда кеттик офиске, кереги жок бизге |
|
Кечке тиктеп көздү кыйнап түзүп жатсаң бир топ тизме. |
|
Тыныгууда тамака тойбой жок жерден ильхом издеп, |
|
Андай болуп кетсе бир четинен Жетигенде “Hip-Hop is Dead” |
|
Сага бир, мага бир миң сомго |
|
Добушуңду бер деп ким коротот миллионду?! |
|
Сол жактагы акчаны көп карабагың, саткын болбо азгырылбай акыйкатты эрчи оңго! |
|
Сен добуш бербесең сенин ордуна |
|
Добуш берет бирөө сөзсүз түрдө баардыгы оңой тура! |
|
“Өнүкпөйт бул, өзгөрбөйт бул” - деп жаткандан көрө |
|
Өзүңөр баргыла, добуш бергиле, кол койгула! |
|
Учабыз бийик акыйкаттын канатында, |
|
Биримдик, ынтымактын тарабында. |
|
Айтчуу сөзүм ачык айкын санатымда, |
|
Чындыкты бекем карма алакыныңда! |