|
作词 : Сапарбеков Бакытбек |
|
作曲 : Сапарбеков Бакытбек |
|
Мезгил менен бирге болуп сууда сузгон балыктай, |
|
Ачылбай жүр баардыгына сыр катылган сандыктай. |
|
Аныктай бил, суроолоруң болсо сенин. |
|
Тынч уктайсың эмкиде угулбайт жаңылыктай! |
|
Дүйнө жүзүндө болуп жаткан нерселерди көрүп |
|
Мага баарыбир жетип келбейт десең эгерде, |
|
Ким билет эмне болоорун, ким эмнени колдоноорун. |
|
Кудай сактап бизге жакшы жагдай тузуп берсе! |
|
Канча тууганыбыз чет өлкөдө табат акча, |
|
Ал акчасы үй-бүлөөгө, кийим кече, тамак ашка кетти. |
|
Кайда жүрбө акча, тигибуга акча, майда чүйдө акча бирден тергенсип жетти. |
|
Бирок элдин баары бирдей болбой калганы, |
|
Иштеген кыргызды, иштебеген кыргыз алдады. |
|
Суу куйуп кетсе сенин жакын биртууган адамың |
|
Азыр кыргыз кыргыздан жалкып калганы жалганбы?! |
|
Тилибиздин экинчи ойношу пайда болду, |
|
Кыргызбайдан башка бизнесмендер, түркбайлар толду. |
|
Көтөрүлүштө учкандар бийлигине кайра конду, |
|
Баягы эле беттер кайра тоңду, доллар жейт сомду, |
|
Кыйнап коомду, билегиң ичкеби же жоонбу? |
|
Пейил кичик же чоңбу? эгер өзүң билсең болду анда. |
|
Көрөлү сендейлер өкмөттүн даражасын бийик болтурганда. |
|
Бир, эки санап көрсөм деги |
|
Жалпы биртууган тааныштарымдын ичиндеги, |
|
Кээде кээде жаан жагандай салам алейкум берип |
|
77 пайызы тааныш бойдон келет. |
|
Эртеден кеч умтулсаң демек картайган чалсын, |
|
Иничектериңди унутсаң начар аксакалсың, |
|
Достор айткан тамашадан сынып калган талсың, |
|
Сөз талашкан аларча Ала Арчада калсын. |
|
Иниси жок ага эң жаш, агасы жок ээн баш. |
|
Намысы бөксөрүп жок болуп тизелегени маш, |
|
Ден-соолугун сурап, улуулар менен учураш, |
|
Өлүп бараткансып тагдыр чечилип сенсор чукулашып, |
|
Заманбаптын асыл ташы, ушунун канчасы жакшы. |
|
Көп көппөй атырылбасын азыр, бизде баары аралаш, |
|
Тескери карама каршы, башталып канчалыкка чейин эркин жүргөндүн жарашы! |
|
Ар бир шайлоо күнүндө канча аласың добушуңа же булбулдай үнүңө? |
|
Сен сатып алган дипломуңдан пайда көрбөй өкүнө, |
|
Эгер болсо баары өз ордунда, бийчи ырдабай, ырчы бийлебегенин өтүнө. |
|
Ачкөздүн чөнтөгүнө батпаган, батат койунуна, |
|
Таза болоюн да деген ою да болсо ой мына! |
|
Өнүкмөкбүз бир заматта, жаркын келечек алдыда, калганы артта |
|
Өзүң үчүн жооп берүүнү илип мойунуна! |
|
Шоу-бизнес дагы бизнес да кирешелуу, |
|
Кооз кийимчен бийлеп үнүн созгонуна ишенеби? |
|
Сылык сөздүн жаны жок, булбулдай үнү болсо дагы, |
|
Элди дүлөй көрүп самапал бүт жаңырган ырлары. |
|
Кетсин ары, кулагымды жылыта турган Сатаев, Бектурганов, |
|
Жана башкалар жөпжөнөкөй адашпаган, |
|
Музыка менен жан дуйносу менен саптаган, |
|
Кайда жүрбөсөң чаптагам күүлөөрүн оозеки жаттагам. |
|
Мен ырдагам, сыймыктанамын дагы эле, |
|
Азыркылардын көбү мага жага элек, |
|
Балким жакпайт мага эле, |
|
Чын жүрөктөн баарыбир. |
|
Кана кайсы аткаруучу таза ырдайт, бирок жаны кир?! |
|
Сөзүнө гана эмес өзүнө дагы сен бирткеден маани бер. |
|
Алардын дүйнөсүн гой |
|
Күндө майрам, күндө той, |
|
Деген ырчыларда ой жашоонун уландысындай тилегинде эч токтобой турса, |
|
Ичиң менен ырдаган ачка калбастыр курсагың! |
|
Элүү тойдон буйуртса келет жаңы крузак, |
|
Анан бир күнү карыганда бала чакаларын укса кузат. |
|
Чала ырчы нота бузат, жаны жок ырың муздак, мокок бычактай мууздайт, |
|
Болот экен да ушундай, өтө эле жинденип кеткенмин окшойт кечирим сурайм. |
|
Жөн эле түкүрүп салайын дегем жүрөктүн ачуусун уудай. |
|
Туура эмес сүйлөсөм бул жерден мени кечирсин кудай. |
|
Бул Кыргыз Рэп 2016! Жерге сайган буудай, эсте сакта унутпай! |