|
作词 : Сапарбеков Бакытбек |
|
作曲 : Азамат Закиров |
|
24саат 365/66, кыргыз 60 салтын унутпай жатканга |
|
24 сап арнап, сабыр түбү сары алтын |
|
Деп жүрсө менин калкым сыйлаймын урматтап. |
|
Бири жөө, бири төө минип алгансып күндө |
|
Ылдам кетип 4 дөңгөлөктүн үстүндө. |
|
Жарашакей жок жок, кереги жок! Тимеле Мен Мен Мен деп кереги жок! |
|
Мактанып жатса, тимеле кой бир эки жолу |
|
Кызарып көздөрү, бети агарып бирдеме болуп, |
|
Өзүн Жок Жок Жок кылып сала жаздап, |
|
Бүтүрбөгөн ишин чала баштап |
|
Көрүнгөнү 25-16 жашта. |
|
Жүрөгүндө секирип бутту токтоп топ! |
|
Ойлонсоң досум, керекби сага ушундай жашоонун аягы? |
|
Сабырды карма, сабырга кабыргадай таяналы! |
|
Кандай жүрсөң сен, кара же ак жол менен, |
|
Ар бир кылган иштериңдин маңызы эсептелген! |
|
Кандай жүрсөң сен, сараң же берешен, |
|
Кайрылып келет чын жүрөктөн берген ар бир нерсең! |
|
Ой башка ар бир адамда, өмүрүмдө мен өзүмө атаандаш болуп келемин, |
|
Себеби жетип барам деген сөздүн кереги бар мага. |
|
Күзгүнү карап, көрүп турган адамдын кылыктарын санап, |
|
Же жөн эле жатамбы убакытым тарап?! |
|
Аны ким билет? аны билет Кудай таалам!(Мен айталам) |
|
(Эмне деп?) эмне десем айтчуу сөз көп, |
|
Мисалы кичүүлөрдү көзөмөлдөп, |
|
Акчаларынан башканы көрбөгөндөр Уалейкум Ассалам! |
|
Атылган ок кайтпайт мылтык ичине, |
|
Мени акыл үйрөттү дебе, |
|
Салмагы жок сөз айтпайын, |
|
Сый-урматым чын жүрөктүн (чын жүрөктүн) ичинен! |
|
Ишендиңби мага? ишенген жоксуңбу? ишенбесең кой анда, |
|
Менин жакындарым мага ишенет, билемин миллиондой сандан. |
|
Ойлонсоң досум, керекби сага ушундай жашоонун аягы, |
|
Сабырды карма, сабырга кабыргадай таяналы! |
|
Кандай жүрсөң сен, кара же ак жол менен, |
|
Ар бир кылган иштериңдин маңызы эсептелген! |
|
Кандай жүрсөң сен, сараң же берешен, |
|
Кайрылып келет чын жүрөктөн берген ар бир нерсең! |